7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

60 тоннага жакын балык өндүрүлөт. Акылбек Жапаров балык чарбасынын иши менен таанышты

646

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Эфтар Агро Комплекс» балык чарбасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын продукциясы ички рынокко, ошондой эле тышкы рынокко да чыгарылып, Россия Федерациясына экспорттолот. Учурда жылына 60 тоннага жакын балык өндүрүлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү, ошондой эле технологиялык процессти өркүндөтүү жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү зарыл.

Жапаров белгилегендей, Министрлер кабинети  ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгаруу максатында ишканаларга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647