Эртең, 17-майда кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
- Талас жергесинде түнкүсүн 7…13, күндүз 22…27,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7°.
- Бишкекте түнкүсүн 12…14, күндүз 23…25° жылуу болот.