7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «Korea Telecom Corporation» телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

510

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Korea Telecom Corporation» (Корея Республикасы) телекоммуникациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкө башчысы ачык, айкын жана адилет бийликти курууга кызыкдар. Бул максатка жетүү үчүн маанилүү кадамдардын бири санариптик өкмөттү түзүү болуп саналат. 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана санариптик трансформация артыкчылыктуу багыттар болуп саналат”- деди Акылбек Жапаров. Ал КРнын санариптик өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин колдогондугу үчүн компанияга ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ири байланыш операторлорун жана банкты башкаруу функциялары санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилгенин, ошондой эле аларды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча масштабдуу тапшырмалар коюлганын белгиледи. Ал мындан ары телекоммуникациялык компания менен кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү аркылуу экономика жана каржы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармактарына алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын санариптик трансформациясынын Улуттук стратегиясын иштеп чыгуудагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

«KT Corporation» компаниясынын президенти Юн Кёнг Лим мындан ары жемиштүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

“KT Corporation” – медиа, интернет-банкинг, кыймылсыз мүлк, финансы жана энергетика сыяктуу бизнес чөйрөлөрүн жана башка тармактарды бириктирген көп тармактуу инвестициялык холдинг (45 туунду компания бар).

Компания уюлдук (22,3 миллион абонент) жана стационардык байланыш (13,4 миллион абонент), жогорку ылдамдыктагы интернет (9,2 миллион абонент), акы төлөнүүчү телеканал (10,7 миллион абонент) кызматтарын көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511