7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

65 жаштагы генерал Ысык-Көлдөгү марафондо күмүш байгеге ээ болду

744

Генерал Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 км 195 метр аралыкта чуркоо боюнча «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулган. Бул марафонго жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген 3 миңден ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр катышкан.

Аталган марафонго кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Киязов Кемелбек Абдыкадырович дагы катышты. Кемелбек Абдыкадырович 65 жаштан жогорку курактагылар арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду. Ал 65 жашта, буга эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745