7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

65 жаштагы күч түзүмдөрүнүн ардагери ызгардуу суукта муздак сууга жуунат

729

Бишкекте 65 жаштагы  Советбек Арбаев эң ызгардуу аязда да муздак суу менен жуунат. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

«Отставкадагы полковник, ИИМдин Ички аскерлеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин жана ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Сый-Урмат» ардагерлер кеңешинин төрагасы өзүнүн салтка айланган адаты менен таң калдырууда. Кандай аба ырайы болбосун Советбек Асанович жаш курагына, салмактуу стажына жана операцияларына карабай Кара-Жыгач конушундагы үйүнүн короосунда муздак суу куюнуп денесин чыңдап келет. Ардагер жаштарга жашоону сүйүүнүн жана ден соолукту чыңдоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүүдө», — деп берилет маалыматта. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730