7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара менен кармалды

602

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Н.Ы. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кармалган адам президенттин администрациясына караштуу «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурант (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603