Бишкекте 65 жаштагы Советбек Арбаев эң ызгардуу аязда да муздак суу менен жуунат. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
«Отставкадагы полковник, ИИМдин Ички аскерлеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин жана ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Сый-Урмат» ардагерлер кеңешинин төрагасы өзүнүн салтка айланган адаты менен таң калдырууда. Кандай аба ырайы болбосун Советбек Асанович жаш курагына, салмактуу стажына жана операцияларына карабай Кара-Жыгач конушундагы үйүнүн короосунда муздак суу куюнуп денесин чыңдап келет. Ардагер жаштарга жашоону сүйүүнүн жана ден соолукту чыңдоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүүдө», — деп берилет маалыматта.