7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-8-апрель күндөрү тоолуу райондордо унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

501

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 7-8-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.

Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

502