7-апрелде таң эрте “Жардам кербени” Түркестан шаарынан Кызылорда облусуна жол улады. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Коңшу өлкө аймагында кербендин жол коопсуздугун Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөөдө.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери суу каптаган облустарга чейин коштоп бармакчы.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров суу каптоодон жабыркаган казак элине жардам көрсөтүүнү демилгелеген.
Аны жеткирүү вазыйпасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлүп, 15 оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди ӨКМ министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетектөөсү менен 6-апрелде Кыргызстандан узаган.