7-февралдан баштап Бишкек- Баткен- Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ата мекендик «Тез Джет» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат.
Эскерте кетсек, «Баткен» аэропорту аэродромунун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.