«Зарыкканда»
Ажарыңа арбалып, дидарыңа зарланып,
Муңканып ыр ырдадым булбул кушка айланып.
Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай буралып,
Күн кечке созом обон күкүк болуп үн салып.
Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө,
Ашыгып ыр арнаймын асыл кечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасың өрт сымал жүрөгүмдө,
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө.
Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем тушаган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын,
Тагдырга башымды ийип, тарттым сен деп убайым.
Алдыман чыга калсаң ай сымал түндө жаркып,
Арзуум күчөп ансайын алоолойт сага тартып.
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы,
Суусатат бүткөн боюм сулуулугуң андагы.
Карааныңа зар болуп кайгырсам, кубансам да,
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсе деп кучагыма.
Сагынтасың күн сайын саргайтып сар-санаада,
Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда.
— Аскат Жетиген “Зарыкканда”.