Мышыктар — көптөгөн кылымдар бою адамдар менен жашаган үй жаныбары. Бул макалада биз алар жөнүндө кызыктуу фактыларды топтодук.
1) Мышыктын жалпы 33 породасы бар. Ал эми дүйнөдөгү үй мышыктарынын саны 500 миллионго жетет.
2) Орточо салмак менен алганда, мышыктар беш килограммга жакын болот
3) Мышык тандоо жасай албаганда куйругун кыймылдатат
4) Үйүндө мышыгы бар адамдар мышыгы жокторго караганда жүрөк оорусуна азыраак чалдыгышат жана орточо эсеп менен узак жашашат.
5) Мышыктар кожейкесинин маанайын жакшы түшүнүшөт.
6)Жаныбарлардын ичинен бир гана мышыктарга мечитке кирүүгө уруксат берилген.
7) Мышыктардын жыт сезүү сезими адамдарга караганда болжол менен 14 эсе күчтүү, бул аларга адамдар билбеген жыттарды жыттоого мүмкүндүк берет.
8) Үй мышыгынын эң тааныш абалы — бул уйку. Орточо эсеп менен алганда, өмүрүнүн үчтөн эки бөлүгүн таттуу уйкуда өткөрүшөт.
9) Дүйнөдөгү эң оор үй мышыгынын салмагы 21 кг болгон.
10) Көчө мышыктары 4-6 жыл жашаса , үй мышыктары 15-17 жылга чейин жашашат.
11) Мышыктар өмүрүндө 100гө чейин мышыкты жарыкка алып келе алат.
12) Мышыктын жүрөгүнүн кагышы, адамдыкына салыштырмалуу алда канча тез согот, мүнөтүнө 110дон 140га чейин.