Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы окуучу кыз асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, кызды биринчилерден болуп ата-энеси көрүп калган. Ал өз үйүнүн короосунда асынып алган абалда табылган.
«Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сөөктү кароодо зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес. Учурда иликтөө иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.