Өзбекстанда күйөөсү кызганычтан улам аялын электр араа менен өлтүрүп салган. Бул тууралуу Podrobno.uz сайтынын кабарчысы MY5 телеканалынын маалыматына таянып берген.
Маалыматка ылайык, Тараккиет микрорайонунда жашаган 1982-жылкы күйөөсү менен 1986-жылкы аялы акыркы жарым жылдан пикир келишпестиктен улам, аялы төркүнүнө кетип калган. Жубайлардын 3 баласы бар.
Айылдаштарынын айтымында, мындай жолго барганынын себеби аялына бейтааныш эркектин чалып жүргөнү себеп болгон. Кылмыш болгон күнү аялы мектепте жумушта болгон. Аны күйөөсү ата-энесинин үйүнө чакырып, аялынын кекиртегин электр араа менен мууздап, кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Кылмышкер кармалып, учурда бул факты боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду.