7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлгө эс алууга 375 бала жөнөтүлдү

303

Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген 375 бала Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Программанын алкагында жалпысынан 11 топту (поток) уюштуруу пландалууда, анда 800 баланын эс алуусу камтылат.

Ар бир топко майыптуулугу бар балдардын катышуусу каралган. Программа социалдык жактан аярлуу топтордогу балдардын ден соолугун чыңдоого, толук кандуу эс алуусун камсыз кылууга жана алардын коомго интеграцияланышына шарт түзүүгө багытталган.

Балдарды жөнөтүүнүн алдында министр Канат Сагынбаев коштоп жүрүүчүлөр, ата-энелер жана балдар менен баарлашып, жайкы эс алуу өнөктүгүн өткөрүүдө балдардын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгиледи.

“Ар бир баланын жайкы эс алуусун кызыктуу өткөрүп, ден соолугун чыңдап, эң негизгиси коопсуз шартта эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү биз үчүн өтө маанилүү”, — деди Канат Сагынбаев.

304