Кыргызстанда тартылган кыска метраждуу The Desperate End тасмасы Индиядагы фестивалда биринчи орунду жеңип алды. Бул тасмада бүгүнкү актуалдуу, өтө орчундуу дүйнөлүк маселелер камтылат. Ар бир тасманын артында көптөгөн түйшүк бар эмеспи, анын идеясы кантип жаралганы, кантип тартылганы жана тартуу учурунда кандай өзгөчөлүктөр болгону тууралуу тасманын авторлорунан сурадык.
Тасманын режиссёру Нарбото Анарбаев:
«Голливудда иштеген британиялык продюсер Робин Таунсенд бул тасманы сыноо катары Кыргызстанда тартууну туура көрүп, биздин чыгармачыл топ менен иштешип калды. Анын негизги ою — эгер тасма ойдогудай жаралып, ийгиликке жетсе, анда келечекте Кыргызстанда толук метраждуу кино жана чоң сериалдарды тартуу экен. Продюсердин айтуусунда, тасма күткөндөн да жакшы тартылып, эми ошол эле темада көп сериалуу тасма тартууга киришсе болот. Андан сырткары, Таундсенддин кесиптештери — белгилүү продюсер менен актёрлор Стивен Фрай, Идрис Эльба жана продюсер Джина Картер да бул тасманы көрүп, жактырып, кийинки долбоорлорду колдой турганын айтып жатат. Ал эми Индиядагы фестивалда биздин тасма биринчи орунду жеңип алганы баарыбызды кубантты, бул да болсо биздин чыгармачыл топ үчүн чоң жетишкендик. Тасманын сценарийи дагы Робин мырзага таандык жана ал өзү продюсер болгон, тасманы биз кыргыз колоритинде иштеп чыгып, тарттык. Тасма көп тармактуу жана бүгүнкү дүйнөлүк актуалдуу маселелерди козгойт. Дүйнөлүк терроризм, кибертерроризм, фейк маалыматтар, аларга жөнөкөй адамдардын ишенип алуусу, үй-бүлөдгү жеке чырлар. Тасма сынак иретинде тартылгандыктан, америкалык жана британиялык коллегаларга түшүнүктүү болуусу үчүн англисче The Desperate End деп аталган. Кыргызча аны «Акыркы моюнга алуу», же «Акыркы коштошуу», же «Үмүт үзүлгөн коштошуу» деп да атаса болот».
Голливудда иштеген британиялык продюсер Робин Таунсенд:
«Бул тасманын сценарийи – мен тандаган көптөгөн сценарийдин бири. Идеясы бүткүл дүйнө кооптуу жагдайга кептелип баратканда, 2012-жылы пайда болгон, анткени дүйнө мамлекеттери бир-биринен обочолоно баштаганы баарыбызга чоң таасир тийгизген. Менде да ошондо өзгөчө түшүнүктөр пайда болду. Көрүүчүлөр бир-бири менен байланышып, өз иш-аракеттери жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк алат. Анткени биздин баардык иш-аракеттерибиз чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Суудагы кичинекей шагыл таш чоң толкундарды жаратышы ажеп эмес… Мен атүгүл бир эле окуяны ар кандай көз караштан алып, улгайган жубайлардан турган кошумча 15 мүнөттүк виньеткаларды жасоо жөнүндө дагы ойлондум. Мисалга, эркек адам жана анын ити. Айыкпас рак оорусуна чалдыккан аял менен анын айланасындагылар…
Ага кошумча, мен дагы бир сюжеттик линияны жараттым, ал толугу менен көп катмарлуу триллер болушу мүмкүн, аны концепция катары колдонсо болот. Тасманы көргөн атактуу Стивен Фрай мага: «Кудайым-ай!… Кандай жомоктогудай драма жана трагедия! Сонун тартылып, жакшы аткарылыптыр, сонун чыгарма, азаматсыз!» – деди: Тасма көптөгөн сыйлыктарга көрсөтүлүп, өз каражатыман каржыланып, дүйнөгө жайылтылды. Бюджети чакан, бирок биргелешкен чоң аракет болду. Сапаттуу иш жасоого команданын берилгендиги жана кесипкөйлүгү мүмкүндүк жаратты. Мен кыргыз таланттарын көрсөткүм келди жана мындай фильм ушул улуу талантты даңазалоо менен көпкө уланат. Мен келечекте Кыргызстандын кинематографисттери менен жаңы долбоорлор үстүндө иштеп, аларга кошумча эл аралык атак алып келүүнү каалайм».
Тасманы ар башка фестивалдарга ар башка номинацияда көрсөтөбүз:
– Мыкты бюджеттик фильм – Канн кинофестивалы.
– Мыкты кыска метраждуу тасма – Канн кинофестивалы.
– Мыкты кыска метраждуу тасма – Азия дүйнөлүк таланттар фестивалы.
– Мактоого татыктуу пикир – Индиянын көз карандысыз кино фестивалы.
Мен тандап алган 30дан ашык фестиваль бар, андыктан көптөгөн мүмкүнчүлүк жаралат. Тасма тартылаары менен фестивалдар башталат. Андан кийин, элдин кызыгуусун жаратыш үчүн, аны интернет аркылуу жайылтууну дагы пландап жатам.
Тасманын оператору Жекшен Мусаев:
«Бул өзү кыска метраждуу тасма болгондуктан, болгону үч күн ичинде тартылып бүттү. Албетте, кыйын учурлар болбой койбойт. Алсак, башындагы батирдин ичиндеги тартылган кадрлар кыска эле болчу, бирок дал ошону тартуу эң кыйынга турду. Ал эми негизги бөлүгү оңой эле тартылып бүттү. Башкы каармандарды аткарган Өмүрбек Израилов менен Таазим Үмөтаалиева өз ишин жакшы билгендиктен, аларды тартуу командабыз үчүн жеңил болду».