7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-канал тарабынан которулган «Хекимоглу» түрк сериалынын бет ачары болуп өттү

1718

«7-канал» көрүүчүлөрүнө тартуулаган ар бир материалында маалымат менен бирге көрүүчүнүн дүйнө таанымын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Буга чейин телевидение тармагынын эфир артындагы кызыктуу жашоосун чагылдырган «Эфир» телесериалын тартып, коомчулуктун алкоосуна арзыган.

Бул ирет Түркияда жаңыдан тартылып бүткөн «Хекимоглу» сериалын кыргыз тилине которуп, эфирден чыгарууда.

Кечээ, 2-ноябрда Бишкек шаарында аталган сериалдын бет ачары болуп өттү. Анда кыргыз кино жылдыздары, кыргыз-түрк достугуна салым кошуп келе жаткан жаш активисттер жана ММК өкүлдөрү катышышып, тасма жана котормо тууралуу кыскача маалымат берилип, андан соң тасманын 1-сериясы көрсөтүлдү.

Адамдын ден соолугу жана оорукананын ичиндеги кайнаган жумушту чагылдырган тасма 157 сериядан турат. Дүйнөгө белгилүү «Доктор хаус» тасмасынын негизинде тартылган. Атеш тасманын баш каарманы, ал өзгөчө касиети бар дарыгер. Атеш өзү кыргыз тилинде сүйлөп жаткандай окшоштуруп үн коштоо албетте жогорку профессионалдуулук. Көрүүчүлөр үн коштоону мыкты деп баалашты.

Кыргыз кино тармагында котормо менен кино бири-бирине дал келмек түгүл, таптакыр окшошпой калган учурлар көп. Режиссёр Нарбото Анарбаев бул тасманы которууда ар бир каарманды жаш өзгөчөлүгүнө, актёрдук чеберчилигине карап кылдат тандап, ар бир сөзүн 10 кайталатып окутуп жатканын айтат.

Хекимоглу тасмасы Түркиянын телеканалдарында жаңыдан эле коюлуп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган. 7-канал көрүүчүлөрдүн билимин арттырган жакшы тасманын лицензиясын чоң суммага сатып алган. Каналдын башкы директору Алтынбек Жумаев «котормону жандандыруу бул-кыргыз тилинин өнүгүүсүнө эбегейсиз салым» деп эсептейт.

Азыркы учурда сериалды кыргыз тилине которуу, үн коштоо кызуу уланууда. Ал эми эфирден иш күндөрү кечки саат 20:00дө, дем алыш күндөрү жана күндүзгү саат 12:15те кайталоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, сериалды кыргыз тилинде бир гана 7-каналдан көрүүгө болот.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1719