7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлшайыр Садыбакасова: Сени унутпай калайын балапаным. Сен менин бүтпөгөн, түгөнбөгөн күйүтүмсүң!

1291

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Кыз бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова «Эркин уулум, сенин туулган күнүңдү, унутканым жок! Сен менин жүрөгүмдө уюган алтынымсың», — деп уулун эскерди.

“Бүгүн Эркинтайымдын туулган күнү. «Апам менин туулган күнүмдү унутуп калган окшойт», — дедиңби каралдым. Сенин туулган күнүңдү эч качан унутпагандай эле, бүгүн да унуткан жокмун. Мен, жылдагыдай эле Бишкекте маданият күнү майрамына катышып азыр гана колум бошоду балам. Мен Бишкекке жөнөгөнүмдө, «Туулган күнүмдү дагы сиз жок өткөрөмүнбү», — деп таарынып калчусуң. Сени унутпай калайын балапаным! Сен, унута турган бала эмессиң Экошам! Сен менин көкүрөгүмдө түбөлүк уюган алтынымсың! Сен менин ойлорумда өмүр боюу жашаган жаркынымсың, сен мени балалыгың, өспүрүм кезиң, жигит курагың менен бакытка бөлөгөн периштемсиң. Сен менин жетпей калган, таппай калган үмүтүмсүң! Сен менин бүтпөгөн, түгөнбөгөн күйүтүмсүң! Туулган күнүң менен уулум!» — деп жазды Гүлшайыр Садыбакасова инстаграм баракчасына.

Эске салсак, Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин 2020-жылы 28-августта 18 жашында каза болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1292