Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөштү. Алгач бутуна кирип эки упай топтой алды, көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.
Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша Бипашанын далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын атынан чемпионатка кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанып, Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.