Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнө лидерлеринин саммитине катышуусунун алкагында БУУ Катчылыгына маек курду.
Маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов Кыргыз Республикасына климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тууралуу токтолуп, биздин өлкө климаттын өзгөрүүсү маселесине чоң маани берет деп белгиледи.
«300 жыл бою жерди булгаган мамлекеттер өз ишмердүүлүгүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен качпайт жана түзүлгөн экологиялык көйгөйлөрдү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эсебинен чечпейт деп ишенем. Ошондуктан биз эл аралык коомчулукка элдин жашоосун өзгөрүп жаткан климаттын шарттарына адаптациялоо боюнча өкмөттүн күч-аракетин ачык-айкын компенсациялап берүүсү боюнча кайрылабыз», – деди Эдил Байсалов.
Ал билдиргендей, мындан ары заманбап технологияларды пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат.
Маектин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын БУУ жана анын институттары менен кызматташуусун жогору баалады.