Сары-Челек коругунан мыйзамсыз бугуну аткандардын иши тергелип жатат. Баштапкы маалыматта тинтүү учурунда алардын жанынан курал табылган эмес. Бүгүн адистердин 7-каналга берген маалыматы боюнча аларга тиешелүү болгон 2 мылтык табылып, экспертизага берилди. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абаддагы кабарчысы Бүбүсара Орозалиева билдирди.
31-октябрда Аксынын Сары-Челек биосфералык коругунда мыйзамсыз оор кылмыш катталды. Анда сейрек кездешкен бугуну атып, жиликтеп жаткан 5 киши кармалды. Союлган марал 5 жашта болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Сабыр Томоевдин айтымында мыйзамсыз кадамга баргандарды, “билбей жасашкан” дегенге болбойт. Анткени алардын жаштары да чоң, мыйзамдан кабардар эле жарандар дешет.
Учурда бул иш боюнча комиссия түзүлүп, жеринде иш алып барууда. Ал эми кармалган жарандар Сары-Челек коругунун ичиндеги Аркыт айылынын тургундары. Коруктун жетекчилиги мындагыларга тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрөрүн айтат. Буга чейин да тургундар тарабынан жеңил катачылыктар болуп турган. Бирок бул сыяктуу мыйзам бузуучулук орун алган эмес.
Бугуну аткан жарандарга мыйзам боюнча 2 млн сом доо коюлат. Бул иш учурда милициянын Аксы райондук бөлүмүнө жаныбарларды жок кылуу беренеси менен катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда Сары-Челек коругунда каттоого алынган 50 бугу бар. Марал — Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Ал Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Аны аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Эгерде ал кайтарылган корукта атылганы аныкталса, айып пул эки эсе көтөрүлөт. Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 427 баш бугу-марал бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт.