7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«7 канал» U-23 Азия кубогунун тандоо оюндарын түз алып берет

431

Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын катышуусунда өтө турган 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары ушул жылдын 1-9-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Бардык беттештер Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда өткөрүлөт. Биздин өлкөбүз Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланканын командалары менен «Е» тайпасында күч сынашат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

03.09.2025 | 20:00 — Палестина – Кыргыз Республикасы
06.09.2025 | 20:00 — Кыргыз Республикасы – Өзбекстан
09.09.2025 | 20:00 — Кыргыз Республикасы – Шри-Ланка

Кыргызстандын командасы катыша турчу оюндар оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолот. Мелдештин алкагында өтө турчу жалпы алты оюнга билеттер TICKET.KG сайты аркылуу жеткиликтүү.

Тандап алуу оюндарга жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми, 2026-жылкы U-23 Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтүп, ага 16 курама жолдомо алат.

Кыргызстандын курама командасынын оюндарынын түз алып берүүсү «7 каналда» жеткиликтүү болот.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

432