7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн Хамзанын үй-бүлөсүнө 200 миң сом берилди

560

Бишкек шаарында жети миллионунчу жарандын төрөлүшүнө байланыштуу борбор калаанын мэри Абдыкадыров Эмилбек президент Садыр Жапаровдун атынан ымыркайдын ата-энесине 200 000 сом өлчөмүндөгү сертификатты «сүйүнчү» катары тапшырды.

Баланын атын Хамза коюшту. Ал 2022-жылдын 19-октябрында саат 2:25 мүнөт 40 секундада төрөлгөн. Мэр кичинекей бишкектикке жана анын ата-энесине чың ден соолук каалап, белектерин тапшырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 19-октябрында саат 2:10 мүнөт 10 секундда Баткен облусунун Кызы-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жараны төрөлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу тургунунун туулган күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун негизинде төмөнкү чечим кабыл алынган.

Саламаттык сактоо министринин жана Улуттук статистикалык комитетинин төрагасысынын маалыматына ылайык, жети миллионунчу жаран төрөлгөндөн кийин Кыргызстандын ар бир областында, Бишкек жана Ош шаарларында дагы сегиз бала жарык дүйнөгө келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561