7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 шайлоо тилкесиндеги референдумдун бюллетендерди кайрадан саналмай болду

447

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) 7 шайлоо тилкесинде Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун бюллетендерин кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2021-жылы 18-апрелде Бишкек АШК жыйын өткөрүп, анда «Клооп Медиа», «Общее дело» коомдук фонддорунан жана 12 саясий партиядан келип түшкөн кайрылууларды жана арыздарды каралган.

Кароонун жыйынтыгында Бишкек АШК тарабынан №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо тилкелериндеги референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу, андан тышкары төмөнкү шайлоо тилкелеринде добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу чечимин кабыл алган:
-№1158 шайлоо тилкеси – Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча;
-№1343 шайлоо тилкеси – Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жана референдум.

Ошондой эле, 24 шайлоо тилкесине: №1024, 1029, 1034, 1038, 1054, 1111, 1122, 1123, 1127, 1132, 1139, 1142, 1148, 1206, 1230, 1234, 1239, 1246, 1301, 1315, 1321, 1323, 1327, 1348 эскертүү берүү, №1243 и 1333 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448