«Манас» аба майданынын директорлор кеңеши, төрагасынын эки орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынын сайтына шилтеме берип, «Акчабар» порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык Мурат Примбердиев жана Жолдошбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулушуп, алардын ордуна Рысбек Оморов жана Абдималик Бусурманкулов дайындалган.
Ошондой эле, Шакир Жангазиев аэропорттун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кеткени белгилүү болду.