12-апрелде Талас дарыясына чөгүп кеткен наристе дагы эле изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Талас дарыясына 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган ( А.Р. ) аттуу бала чөгүп кеткен.
«Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас шаардык №17 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бакай-Ата райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 6 куткаруучу, жана Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.