Ысык-Атада 800 грамм баңги зат алып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-апрелинде болжол менен саат 20:00 Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналы тараптан азиат улутундагы балдардын жүргөнү шек жаратып, алардын тиешелүү документтерин текшерүү учурунда, бейтааныш балдар каршылык көрсөтүшүп качып кетүүгө аракет жасашкан. Кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан ал балдар кармалышып, текшерүү учурунда, жанынан целлофан баштыкчага салынган кочкул жашыл түстөгү өзгөчө спецификалык жыты бар зат табылып, жалпы салмагы 800 граммды түзгөн.
Кызматкерлер тарабынан кармалган 1991-жылы туулган Н.А. жанна 1994-жылы туулган Ж.А. атуу балдар Ысык-Ата РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул окуя кылмышталдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүруш иштери жүргүзүлүүдө.