7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ардагер: «Айзаданын өлүмүнө жамынып демократияга каршы аракеттерди жасашты!»

466

«Дайыма элге жардамга келген да милиция кызамткери экенин унутпайлы», — дейт милициянын ардагери Алтынбек Шербахунов.

Анын айтымында, Айзаданын өмүрүн кыйган зөөкүр бул дүйнөнүн сурагынан качып, өз жанын өзү кыйды.

«27 жаштагы Айзаданын бейкүнөө мезгилсиз өлүмү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коом тигил же бул бийлик өкүлдөрүнүн жопкерчиликсиз иш — аракеттерин сындоого, ошол кызматтын жетекчилиги аркылуу ишинде шалаакылыкка жол берген кызматкерлерге карата чара көрүүнү талап кылууга толук укугу бар. Бирок, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

Маркум Айзадага жана анын жакындарына эч бир тиешеси жок адамдардын кайдан-жайдан пайда боло калышып «демократияга», «адам укугуна» жамынып алышып демократиянын принциптерине таптакыр каршы келген аракеттерди жасашып, эч кимди укпай, ызы-чуу, башаламандыкты уюштуруп өкмөт башчысын да сүйлөтпөй ызы-чуу салган «митингчилерге» башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилиш керек. Бул «укук коргоочулар» кыргыз элин, кыргыз мамлекетин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу шылдың кылышты. Кыргызстанда дагы эмне болуп кетти деп, дүйнө коомчулугу кулак түрүп тыңшап калышты. Өкмөт башчысын сүйлөтпөй ИИМ министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган бир ууч адамдардын жалпы кыргыз элинин атынан сүйлөөгө кандай акысы бар!? Бул кылмыш окуясын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун өз көзөмөлүнө алгандан кийин «митингчилердин» бардык мыйзамсыз аракеттери токтош керек эле. Андай болбоду. Демек, Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып көчөгө чыккан бир ууч топтун түпкү максаты кыргыз мамлекетинин коопсуздугуна сокку уруу. Ошондуктан өлкөдөгү ички тартипти, элдин тынчтыгын сактаган бирден бир куүч болгон милицияга чабуул жасашты. Ооба, күнөлүүлөр жазаланышы керек, бирок жанагы бир ууч топтун талабы менен айрым милициянын жетекчилеринин кызматтан алынышы туура эмес болуп калды. Минтип отурсак биз анархияга барабыз! Коомчулукту дүрбөткөн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүү тыкыр көзөмөлгө алыныш керек. Ооба, ишинде шалаакылыкка жол берген кызматкерлер жоопко тартылып жатат, бирок канчалык милицияны жамандабайлы, асылбайлы, элден жеме уккан да, кайра эле элге эң биринчи кезекте жардамга келген да милиция кызматкери экенин унутпайлы», — дейт ал.

Айзаданын курбусу: «Айзада атасыз өскөн үйдүн жалгыз кызы болчу»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467