7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов үйлүү болду

844

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган Акжол Махмудов батирлүү болду. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Махмудовга эки бөлмөлүү батирди белекке беришкен.

“Ассаламу алейкум! Сиздер менен жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип турат. «АЮ Курулуш» компаниясы мага жана менин командамдын мүчөлөрүнө европалык үлгүдөгү ремонттолгон жана толук эмеректери бар батирлердин ачкычын тапшырды! Биз үчүн бул спорттогу мындан аркы ийгиликтерге чоң стимул жана колдоо!

Көңүл буруп, спорттук жетишкендиктеримди баалап жаткан Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем! Сизге ден соолук, бакубатчылык жана ишиңизге ийгилик каалайм!”,-деп жазган спортчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

845