Кечээ ,8-ноябрда Ала-Бука районунда райондун прокурору Осмоналиев Чынгыз Шаршеналиевичтин демилгеси жана райондун акими Кайырбек Чаргынбаевдин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз жараны концепциясынын алкагында, окуучулар арасында спорттун волейбол жана кичи футбол түрү боюнча өткөрүлгөн «Акимдин кубогу» жыйынтыкталды.
Жыйынтыгында, кичи футбол оюну балдар арасында өткөрүлүп , Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Т.Балтагулов мектеби, райондун прокурору Ч.Осмоналиевдин командасы жеңишке жетишип, 1-орунду багындырышты.
2-орунду Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн Н.Жайлобаев мектеби, мамлекеттик Кадастр мекемесинин жетекчиси Н.Дуулатовдун командасы ээлесе, 3-орунду, Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн Октябрь мектеби, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ж.Токтогуловдун командасы ээледи.
Кыздар арасында, волейбол оюну боюнча : 1-орунду Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн А.Атамов мектеби, жетекчиси Ак-Коргон кесиптик лицейдин жетекчиси З.Кулбаеванын командасы, 2-орунду Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн, Р.Кулуев мектеби, акимдин орун басары А.Жунусалиеванын командасы, 3-орунду Көк-Серек айыл өкмөтүнүн, Токтогул мектеби, ОАА жана МСЭК борборунун директору Б.Мамбетовалардын командалары багындырышты.
Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев жана райондун прокурору Чынгыз Осмоналиев райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана окуучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, сыйлыктарды тапшырышты.
Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, спорт-достукка көпүрө болгондуктан, мектептер аралык спорттук оюндарды дагы да болсо улантууга кызыкдар экендигин, колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылыгын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов билдирди.