Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу Жунусалиев көчөсү, 183 дарегинде жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү, Ш. Руставели, Бакаев көчөлөрү, Грибоедов, Ажыбек-Баатыр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Төмөнкү даректерде суу болбойт:
Ч.Айтматов проспкктиси -95/1, 96/1.
Жунусалиев көчөсү — 6,78, 80, 82, 82А, 82/1, 84, 84А, 183, 171/1, 175/2, 177/1.
Ажыбек-Баатыр көчөсүндө — 1А, 1/5, 1/6, 1Б, 3/1, 3/2, 7, 9, 10.
Ахунбаев көчөсү — 144, 146, 146А, 148, 184, 184А.
Ш.Руставели көчөсү – 103А, 105, 105А, 107.
Бакаев көчөсү – 130.