7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

750 доллар алып жаткан жеринен Кара-Суу паспорт столунун башчысы кармалды

517

Ош облусунун Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндө, тактап айтканда Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчилик тарабынан акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. КРнын паспортторун берүү, ошондой эле КРнын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

 

518