Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалвматка ылайык, 152 турак жайдын жана 2 социалдык объекттинин, 1 жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун анын ичинен 9 турак жайдын ичин, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган.
Жеринде кырдаалды жоюу үчүн 120 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак жайларды түн менен тазалоо жумуштарын алып барышууда.
Сел каптаган аймактар тийешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, сел суу менен агып келген мал жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда.