28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Маалыматка ылайык ылайык, «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери 2021-жылдын 28-апрелине чейин алган зайымдык каражаттарын (кредиттерин) белгиленген тартипте эсептен чыгаруу жана жеңилдиктерди кайрап чыгуу сунушталды.
Экономика жана финансы министрлигине КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 76 ишкерге 15,2 млн сом суммасында бюджеттик кредитти төмөнкүдөй шарттарда берүү тапшырылды:
— кредиттин суммасы – 200 миң сомдон;
— пайыздык ставка -жылына 0,1 пайыз;
— кредитти төлөө мөөнөтү – 3 жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
— күрөөсүз негизде;
— финансылык санкциялар – жылына 0,2 пайыз, алар кечиктирилген карыздын суммасына эсептелет;
— карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 1 жыл.
Ошондой эле Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жабыр тарткан ишкерлерге зыяндардын ордун толтуруу боюнча бир жолку компенсацияны 14 млн 505 миң сом суммасында Тартипке ылайык төлөп берүү камсыз кылынат.