7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЦУМ менен ГУМ соода түйүндөрүнүн курчоого алынышы боюнча УКМКнын жообу

1283

Бүгүн, 9-август «Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода түйүнүндө кара кийинген аял колуна шектүү пакетте бомба көтөрүп, соода түйүндүн ичинде жүрөт» — деген маалымат интернет желесинде тарап, аны Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы да тастыктаган.

«Бизге 16:00 чамасында ЦУМдун ичинде кара кийинген шектүү аял колунда пакети менен жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө кызматы дароо аталган соода түйүндү эвакуацияга алып, тийиштүү иш аракеттер көрүлүүдө. Жай тургундардын коопсуздугу үчүн милиция ЦУМду курчоого алып, эч кимди киргизбей жатат»-деп жазылат расмий маалыматта.

Мындан улам, аталган соода түйүнгө бардык. Биз барган учурда «Айчүрөк (ЦУМ) соода түйүнү кадимкидей эле режимде иштеп баштады. Башкача айтканда 18:30 чамасында эшиги ачылган. Соода түйүндүн ичинде жогорудагы маалыматты укканы да укпагандары да жүрдү.

Бирок, бул учурда  күч түзүмдөрү ЦУМга катар жайгашкан ГУМ соода түйүнүн курчоого алып, тинтүү жүргүзүп жатканын уктук.  Биз барганда ичинде иштеген кызматкерлер, бейкапар соода кылып жүргөн тургундар сыртта туруптуп, милиция ичкериге киргизбей тосуп турган.

Жарым саат өтпөй 19:30 чамасында эшиктери ачылып, элдин баары агылып кирди.  Эмне болгон текшерүү болгонун же абал толук көзөмөлдө экендигин дээрлик эч ким билген жок.

Бул арада, УКМК  жашыруун берилген маалымат жалган болуп чыкканын, билдирүү ким тараптан берилгендигин тактоо иш-аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.

Эске салсак, бомба тууралуу жашыруун маалымат Свердлов РИИБине 16:00дө, УКМКга (канчада экендигин белгисиз) да келип түшкөн.

Эске салсак, атайын адистештириилген кызматтарга жалган маалымат бергендер административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 228 -беренесине ылайык, жакындап келе жаткан жарылуу, өрттөө же адамдардын өлүмүнө коркунуч келтирүүчү, олуттуу мүлккө зыян келтирүү же башка оор кесепеттерге алып келүүчү башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган билдирүү таратуучулар  180ден 240 саатка чейин коомдук жумуштар, 50 миңден 300 миң сомго чейинки айып пул же кабардын  маанисине карай 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1284