7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
1°C

Элдик Курултайдын экинчи күнү: Президент бир дагы айыл эски мектеп менен калбаарын айтты (ВИДЕО)

249

Бүгүн, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Кечээ сүйлөгөндүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери тууралуу суранбадыбы. Бүгүн сүйлөй турган делегаттар башка көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берсеңиздер. Анткени, мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда турган маселелер. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керектигин билебиз. Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Келе жаткан жылдын бюджетине мектептерди куруу, оңдоону киргизебиз. Бюджетти көтөрө алсак 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Бирок азырынча каражат ага жетпейт экен. Ошону үчүн 2023-2024-жылдагы бюджетке бул тармакты каржылоону киргизебиз. Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт”, — деди президент Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

250