Бүгүн 26-ноябрда Бишкек шааарында Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.
Курултайда Бишкек шаарынын Октябрь районунун делегаты Адилет Ибраев курултайга катышуу үчүн квотанын бөлүнүшү боюнча маселеге токтолду.
“Курултайга катышуу үчүн мигранттарга квота бөлүнгөндөй майыптыгы бар жарандарга да берүүнү суранам. Алардын өздөрүнүн көйгөйлөрү, сунуштары бар. Ошондой эле курултайга 148 аял делегат катталыптыр. Бул деген катышуучулардын 10 пайызын түзөт дегендик. Курултай боюнча мыйзам күчүнө киргенде гендердик маселени карап, 10 пайыздан 40 пайызга көтөрүп коюуну суранам”, — деди ал.
Белгилей кетсек, курултайга өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.