7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7tv.KG: Калк өнүгүп өзгөрүүгө багыт алса да, байрагыбыз жаңыланбасын!

660

«7tv.kg» сайтынын жалпы жамааты ар бир мекендештерин 9-май Жеңиш күнү менен куттуктайт.

Элибизде бейпил жашоо, куунак өмүр, тынчтык, ынтымак, биримдик орун алып, ар бир мекендешибиздин жүзүнөн бакыттын нуру төгүлүп турсун. Калаа өнүгүп өзгөрүүгө багыт алса да, байрагыбыз жаңыланбасын. Согушта мекен үчүн курман болгон 90 миңден ашуун кыргызстандыктын үмүтүн актаган, аракетин актай алган уул-кыздар көп болсун.

Бул жеңишти багындыруу үчүн совет элинин 27 миллион жараны курман болгон. Алардын арасында кыргыз баатырларынын дагы орду толгус өз орду бар. Бир муштумдай бириккен Советтик Союздун аскерлери, жоокерлери, жарандары курамындагы азыркы эгемендүү, өнүккөн өлкөлөр үчүн ажалга бетме-бет келип, дзотко төштү тосушкан. Дал ошондой марттыктын, тайманбастыктын артынан бизге эркиндик туу катары мурас болуп калган.

Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. Ал эми 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон. Алар 4 жыл бою фашисттик Германияга жана анын союздаштарына (Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия, Япония) каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшүшкөн.

1945-жылдын 8-майы күнү саат 22:43тө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында вермахтын атынан генерал — фельдмаршал Кейтель Кызыл Армиянын маршалы Г. Жуковдун жана союздаштардын атынан катышкан Англиянын авиация маршалы А. Теддердин катышуусунда биротоло жана толук багынып берүү (капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол койгон.

Бул мезгилде Москва шаарында 9-май кирип калган эле. И. Сталин ошол замат 9-майды Жеңиш күнү деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6:00дө радиодон атактуу диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган. Бул күндөгү, эң биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Кечки саат 22:00дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен Жеңиш салюту атылган. Бирок, 1948 жылдан баштап 9-май жумушчу күн деп жарыяланган. 1965 — жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май Жеңиш күнүн кайрадан жумушчу эмес күн деп жарыяланып, майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган.

Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салатанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту СССРдин бардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661