Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаров менен кыргыз элин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Россия президентинин расмий сайтына жарыяланды.
«Бүгүнкү күндөгү биздин моралдык милдетибиз — ошол катаал жылдардагы окуялар тууралуу эскерүүлөрдү бекем сактап, эрдиктерди муундан-муунга өткөрүп берүү. Биз, Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын бурмалап, адам өлтүргүчтөрдү актоого аракет кылгандарга чечкиндүүлүк менен бирге каршы турушубуз керек жана тарыхты бурмалатпашыбыз абзел», — дейт Владимир Путин.
Өлкө башчы катаал согуш жылдарында чыңалган бир туугандык достуктун жана өз ара көмөктөшүүнүн традициялары боордош өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосунда конструктивдүү, коңшулук мамилелерди куруу жана өнүктүрүүгө негиз болгон жана мындан кийин да дал ошондой таризде улана берет деген ишенимин билдирди.
Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине чын жүрөктөн ыраазычылык сөзүн айтып, аларга ден-соолук, бакубат жашоо, жакшы маанай жана узак өмүр каалады.