Афганистандагы Кабулдун батыш тарабындагы мектептеги жардыруудан 53 адам каза болуп, 150 жаран жабыркады. Бул тууралуу «РИА Новостиге» Афганистандын Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги булак билдирген.
Буга чейин жергиликтүү ММКлар 30 адам көз жумгандыгын жазып чыгышкан.
«Tolo News» каналынын маалымат булактары билдиргендей, имараттын жанында бомба коюлган унаа жарылып, андан кийин эки жолу ракеталык чабуул жасалган. Мугалимдердин биринин айтымында, кол салуу окуучулар мектептен чыгып бара жатканда болгон, курман болгондордун басымдуу бөлүгү кыздар.
Афганистандын президенти Ашраф Гани кол салууну Талибинин радикалдары жасаган деп айыптады. Ал эми кыймылдын өзү жардырууларга тиешеси жоктугун билдирип, кайра аларды айыптады.
Эскерте кетсек, бул АКШ менен НАТО Афганистандан аскерлерин чыгарып кете баштагандан бери экинчи ири теракт болуп эсептелинет. 30-апрелде дагы өлкөнүн чыгышындагы Логар провинциясындагы жатаканада бомба жарылып, кеминде 30 адам каза болгон.