7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тынчсызданган Эмомалини Путин Тажикстандагы аскер базасы менен сооротту

9258

Россия Тажикстандагы 201-аскер базасын күчтөндүрүүнүн үстүнөн иш алып барып жатат. Бул тууралуу Путин менен Эмомали Рахмондун Москвада болгон жолугушуусунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, Россия менен Тажикстандын борборлорунда бир нече жылга болжолдонгон биргелешкен иши бар. Жолугушууда Путин бул программанын өз убагында ишке ашаарын баса белгиледи.

Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Орусиянын чек араларынан тышкары жайгашкан эң ири аскер объектиси. Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан. 2012-жылдын октябрында кол коюлган келишимге ылайык, байланыш 2042-жылга чейин Тажикстанда болот.

«Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз», — деди Путин.

Ал эми Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгилеп: «АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9259