ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7-майда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары, М.В. Ломоносов атындагы орто мектептин жаш жеткинчектер чыгармачылык тобу менен биргеликте, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касатых Валентина Андреевнага, Аспек Джумашевге, Пересыпко Ольга Даниловнага жана Сухинин Михаил Николаевичке барышып, керектүү азык-түлүк жана даары-дармектер түрүндө жардам көрсөтүшүп, Улуу Жеңиш күнүнүн 76-жылдыгы менен куттукташты. Ал эми жаш жеткинчектер чыгармачылык тобу ардагерлерге согуш учурундагы ырлардан тартуулашты.
Өз кезегинде ардагерлер Улуу Ата Мекендик согуштагы окуялар жөнүндө ой бөлүшүп, көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылык билдиришти.