Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды
20-августта 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып, 550 миң сом алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматы тарабынан милициянын капитаны «М.Н.М.» кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, Биринчи май РИИБде каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалап алгандыгы такталды.
Кармалган кызматкер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.