Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Талас облусунун аймагында Казакстандан Кыргызстанга ири мүйүздүү малды алып өтүү аракети токтотулду.
Тактап айтканда, 15-августта Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Ак-Таш” тоолуу аймагында УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан КР аймагына мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда КР жарандары, Талас районунун Сары-Булак айылынын жашоочулары Ш.К.Д. жана С.у.Б.ны кармады.
Учурда бул факты боюнча КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.