Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.
Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:
Балык чарба: 14 долбоор
Канаттуулар чарбасы: 12 долбоор
СЛБ жана кампалар: 13 долбоор
Питомниктер: 11 долбоор
Мал чарба: 8 долбоор
Илимий-агартуу демилгелери: 7 долбоор
Жүн иштетүү: 5 долбоор
Сүт багыты: 5 долбоор
Машина-трактор станциялары: 3 долбоор
Айыл чарба өсүмдүктөрү: 18 долбоор
Жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.
Учурда жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 19 долбоор 1 миллиард сомдон ашык суммада каржылоо алган. Дагы 760 миллион сомдон ашык суммада 8 долбоорго каражат бөлүнгөнү турат.
Калган 69 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.