Автоунаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатуу арзандайт
Жаңы эреже 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Караңгылатуу үчүн уруксат алуу акысы (бир жылга):
- Жеке автоунаасы барларга 50 миң сом (мурда 80 миң болчу)
- Юридикалык жактарга 70 миң сом (Мурда 100 миң болчу)
- Чет элдик жарандарга 90 миң сом (мурда 120 миң болчу)
Терезе караңгылатууга уруксатты онлайн алса да болот. Учурда сервисти мобилдик тиркемелерге интеграциялоо иштери жүрүп жатат.