7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаш өспүрүм баланы уруп койгон аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди

420

Буга чейин интернет тармактарында жаш өспүрүм баланы чоң аял киши уруп жаткандыгы боюнча видео тараган.

19-август күнү Жалал-Абад ШИИБне Сузак районун Октябрь айылынын убактылуу жашоочусу 1991-жылы туулган Ю.Я. аттуу жаран  арыз менен кайрылган. Анда 17-август күнү  саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө орун алган “Плаза” соода борборунун 4-кабытында  2012-жылы туулган М.С. аттуу баласын өзүнө бей тааныш болгон азият улутундагы жашы 30-35 жаш курактагы аял киши бети башына колу менен уруп койгон.

Натыйжада 2012-жылы туулган М.С. баш мээсинин чайкалуусу  менен  Жалал-Абад областтык балдар ооруканасына жаткырылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ал эми аталган кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1994-жылы туулган А.Н. кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

 

421