Бүгүн, 8-сентябрга карата коронавирустан дагы 4 адам каза болуп, 97 адамдан жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
- Бишкек шаарында — 47,
Ош шаары — 3,
Чүй облусунда — 22,
Ош облусу – 2,
Талас облусунда — 2,
Нарын облусунда — 3,
Ысык-Көл облусунда — 11,
Жалал-Абад облусунда — 3,
Баткен облусунда — 4 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 166 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.
Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 721 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1134 бейтап дарыланууда.