Буга чейин, ырчы Мирбек Иманбековдун жубайы анын катуу ооруп жаткандыгын жана элдин дубасына муктаж экенин социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Учурда Мирбек Иманбековдун анализдеринин жыйынтыгы таза чыгып, ден соолугу жакшы экени кабарланды.
«Бишкекте ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөндө ооруп калдым. Ашказаным ооруп, олуттуу белгилер болушу мүмкүн деп божомолдонгон. Анализдердин жыйынтыгы чыкты, Кудайга шүгүр, жакшы экен. Буюрса, баштаган иштеримди улантам», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.