Кечээ, 28-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ чектөө саат 18:00дөн тартып киргизилген. Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар. Учурда постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.
«Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат»,-деп берилет маалыматта.